Литва өзүнүн "Магнитский актын" кабыл алды

Сергей Магнитскийдин сүрөтү тартылган төш белгилер.

Литва парламентинин депутаттары 16-ноябрда бир добуштан "Магнитский актынын" жергиликтүү вариантын жактырышты. Бул мыйзам адам укуктарын бузууга, коррупцияга жана арам акчаны адалдаштырууга шектүү чет элдик жарандарга өлкөгө кирүүгө тыюу салат.

"Кара тизмеге" кимдер кирээрин Литванын Ички иштер министрлиги чечет. Орусиянын Литвадагы элчилиги бул чараны "достукка жатпаган кадам" деп атап, "өздөрүнө жараша жооп берилээрин" эскертти.

Ноябрь айынын башында Канада да ушундай эле мыйзам кабыл алган. Ал жактагы "кара тизмеге" 30 орусиялык, анын ичинде Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин да кирген. Москва ага жооп катары ондогон канадалыктарга Орусияга кирүүгө тыюу салган.

"Магнитский акты" АКШ Конгресси тарабынан 2012-жылдын соңунда кабыл алынган. Мыйзам "Hermitage Capital" фондунун юристи Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган. Юрист Орусиянын бюджетиндеги ири коррупциялык схемаларды ачкан. Орус бийлиги аны "салык төлөөдөн качкан" деген айып менен камакка алган. Магнитский Москва СИЗОсунда 2009-жылы каза тапкан. 16-ноябрда Магнитскийдин көз жумганына сегиз жыл толду.