Казак жетекчилеринин кыргыз президентине жообу
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрдагы билдирүүсүнө казак бийлигинин өкүлдөрү жооп кайтарды. Казак сенатынын төрагасы жана тышкы иштер министри кыргыз президентинин сөзүнө саясий жактан натуура билдирүү деп баа берди. Буга чейин президент Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалды "экономикалык блокада" деп атап, коңшу өлкө жетекчилигин сынга алган. Бул билдирүү эки өлкөдө талкуу жаратып, "Түзүлгөн кырдаалды кантип жөнгө салыш?" керек деген суроо кайрадан көтөрүлдү.