Жусупбек Шарипов Украинага элчи болуп дайындалды

Жусупбек Шарипов.

Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.

Шарипов 2014-жылдан бери Кувейт, Марокко, Иордан Хашимит жана Бахрейн королдуктарында элчи болуп иштеп жаткан .

Ал жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы.

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде Убактылуу ишенимдүү өкүл болуп 2016-жылдан бери Батыркан Сыргабаев иштеп жаткан. (SE)