Сокулукта күйүүчү май ташыган вагондор рельстен чыгып кетти

Чүйдүн Сокулук районунда күйүүчү май ташыган поезддин эки цистерна-вагону рельстен чыгып кетти. Окуя 16-ноябрда таңга жуук болгонун "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул тапта мекеменин коопсуздук кызматкерлери жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат. Жакын арада темир жол каттамы калыбына келтирилээри кабарланды.

Май ташыган поезд каяктан келе жатканы жана канча күйүүчү май бар экени тууралуу азырынча так маалымат жок. (SE)