Жаңы президент: алдыдагы сыноолор
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 1-ноябрда жыйынга чогулду. Азыркы президент жана жаңы президент баштаган бийлик өкүлдөрү өлкөнү 2018-2040-жылдарда өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун талкуулашты. Жаңы шайланган президент кызматына киришээрде ушул жыйында айтылган сөздөр жана Кыргызстандагы коомдук саясий абал “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында талкууланды. Ага “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров катышты.