Активист Шамбет Кубатбековдун кармалышына Талас шаарындагы митингдердин тиешеси жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирип, ал бюджеттин каражатын максатсыз колдонгон деген шек менен колго түшкөнүн маалымдады.
Билдирүүдө Кубатбеков Кылмыш кодексинин 308-беренеси ("Бюджет каражатын мыйзамсыз колдонуу") боюнча Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн негизинде Транспорт прокуратурасы мурда ачкан кылмыш иштин негизинде колго түшкөнү айтылат. Иш ИИМге өткөрүлгөн.
Мурдараак жарандык активисттер Кубатбековду Таластагы митингдерди уюштурганы үчүн милиция кармап кеткенин Интернеттеги социалдык тармактарда жазышкан.
Учурда Шамбет Кубатбеков Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.
Талас шаарында 3-ноябрда нааразылык акциясы өткөн. Ага чыккандар таластыктардын дарегине президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сын пикирине нааразы болуп, анын кечирим сурашын талап кылышкан. Президенттик аппарат кечирим суроого негиз жок экенин билдирген. "Митинг уюштурууга тиешеси бар" деген негиз менен үч активист УКМКга чакыртылган.