Төрөбаев Атамбаевге: Сиз бизди бышырдыңыз, сизди сыйлайбыз

Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өнүгүшүнө абдан чоң салым кошту деп эсептейт.

Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өлкөнүн өнүгүү стратегиясы боюнча чоң жыйында сүйлөп жатып айтты:

- Сиз Кыргызстандын өнүгүүсүнө чон салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз, бышырдыңыз. Ар ким эле президент боло албайт, сиз президент болдуңуз. Алты жыл иштединиз, сизди президент, саясатчы, адам катары сыйлайбыз, - деди.

Төрөбаевдин "Бышырдыңыз" деген сөзүнө Атамбаев "Дары болсун!" деп жооп берди.

Төрөбаев быйыл 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого адегенде өзүнчө талапкер катары катышарын жарыялаган. Кийин саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков менен төртилтикке кирген. Андан соң "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен тандем түзүп, анын пайдасы үчүн шайлоого катышуудан баш тарткан.

"Өнүгүү-Прогресс" - парламенттеги оппозициялык фракция. (BkA/RK)