Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү көргөн активисттер өз ойлорунан кайткан жок

Кумтөр.

Бүгүн Жогорку Кеңештин алты депутаты, кыркка жакын активисттер, экологдор, журналисттер, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт өкүлдөрү Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барышып, мөңгүлөрдүн абалы менен таанышты. "Азаттык" радиосунун кабарчысынын билдиришинче, мөңгүлөрдү көргөн активисттер мурдагы оюнан кайткан жок. Маалыматка караганда, алар Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөр Кыргызстанга зыян алып келет деген пикирди карманып турушат. Ал эми Кумтөр кенинде иштеген жумушчулар аталган мыйзам долбоорун кабыл алууну колдой тургандыктарын, эгер документ четке кагылса нааразылык акциясына чыга тургандыктарын айтышты.

Өткөн аптада жарандык коом менен өкмөт Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулап, бирок мунаса таба алган эмес. Зилалиев мыйзам долбоорго каршы чыгып жаткандарды жеринде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн абалы менен таанышып келүүнү сунуштаган.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн эле. Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү камтылган.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян алып келет деген негизде аны четке кагууну парламенттен талап кылышууда. Суу кодексин өзгөртүүнү сунуштаган документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын 16-ноябрдагы күн тартибине үчүнчү окууга киргизилген. (NT/UEz)