Бектур Асанов ооруп калганына байланыштуу бүгүн Бишкек шаардык сотундагы отурум болгон жок. Адвокаттары ал №47 ооруканага которулганын айтышты.
Шаардык сот бүгүн “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деп айыпталган “Элдик парламент” кыймылынын төрт мүчөсүнүн доо арызын карамак.
Биринчи Май райондук сотунун быйыл 17-апрелде чыгарган чечими менен 20 жылга кесилген Эрнест Карыбеков, 12 жылдан эркинен ажыратылган Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов, шарттуу жаза алган Дастан Сарыгулов боюнча жараяндар жабык өтүүдө.
Буга чейин айыпталгандар райондук соттун чечимине макул болбой жогорку инстанцияга даттанышкан.
13-ноябрда Бишкек шаардык соту «Элдик парламент» кыймылынын дагы беш мүчөсүнүн доо арызын караган. Быйыл 2-августта Биринчи Май райондук соту Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 14 жылдан, Марат Султановго 10 жыл жаза мөөнөтүн берген. Ал эми Александар Гусевди алты, Тойгонбек Калматовду беш жылга шарттуу түрдө кескен эле. Соттук коллегиянын кечээги чечими менен Калматов жана Гусев "жазасын өтүп бүттү" деген негизде сот залынан бошотулду. Марат Султановго козголгон кылмыш иши “Улут аралык кастыкты козутууга чакырык” беренесине өзгөртүлгөн. Анын камактагы мөөнөтү ошол бойдон калды. Калгандары боюнча райондук соттун чечими өзгөртүлгөн жок.
"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү 2016-жылдын май айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып келген. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет. Эки сот тең башынан аягына чейин жабык өттү. (NT)