Төрт балалуу казакстандык аял Сириядан Грозныйга жеткирилди

Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясы.

Сириядан Чеченстандын борбору Грозныйга жеткирилген адамдардын арасында төрт балалуу, 29 жаштагы казакстандык келин бар. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков 14-ноябрда Астанада журналисттерге билдирди.

"Грозныйдын аэропортунда аларды Казакстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери тосуп алышты. Жакында алар Казакстанга жөнөтүлөт", - деди Жайнаков.

Чечен бийлик өкүлдөрү буга чейин кабарлагандай, 13-ноябрда Сирияда жүргөн ондогон орус жарандары Грозныйга жеткирилген. Алардын арасында Өзбекстандын жана Казакстандын да жарандары болгон.

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ержан Ашикбаев Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулган казакстандыктардын саны 500гө жеткенин айткан.