Жолдо каза болгон кош бойлуу келиндин жакындары пикетке чыкты

Маркум келиндин тууганы.

Чолпон-Атада "Тез жардам" унаасында баратып, жол кырсыгынан каза болгон кош бойлуу келиндин жакындары бүгүн нааразылык акциясына чыгышты. Алар Ысык-Көл райондук сотунун алдына чогулуп, адилеттүү чечим чыгарууну талап кылышты.

Маркумдун туугандары күнөөлөнүп жаткан адам жеңил жаза алып калышы ыктымал деп жатышат.

1-октябрь күнү Чолпон-Ата шаарынын кире беришинде "Мерседес" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу ылдамдыкта келе жатып "Тез жардам" машинесин сүзгөн. "Тез жардам" жолдон чыгып оодарылып кеткен. Ичинде ооруканага бараткан кош бойлуу келин, анын бир тууганы, фельдшер жана айдоочу каза болушкан.

Бул боюнча "Мерседести" айдап келе жаткан 23 жаштагы кызга карата Кылмыш кодексинин 281-беренеси (жол коопсуздугун сактабагандык, жол эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Алгачкы экспертизада айдоочу кыз алкоголдук ичимдик ичкени аныкталган.(AsM)