Ош-Исфана жолунда 14-ноябрь күнкү унаа кырсыгынан үч адам набыт болду. Окуя эртең менен саат жети жарымдарда болгонун Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Медер Шабданов "Азаттык" радиосуна билдирди.
Маалыматка караганда, "Хонда-Степвагон" менен "Жигули" сүзүшкөн. Авариянын себептери жана мерт болгондордун тек-жайы такталып жатат.
Күбөлөрдүн "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, "Жигулини" милиция кызматкери айдап бараткан, экинчи машинада беш адам бара жаткан. Милиционер жана экинчи унаадагы эки адам окуя болгон жерден жан берген.
Төрт адам жарадар болду.
Расмий эсеп боюнча, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 700дөй киши каза тапты. Жарадар болгондордун саны 8 миңге чамалайт.
Өткөн жумада премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон. Бул жол кырсыктарын алдын алуу аракети деп айтылган. (SE)