Грузиянын ички иштер министри Георгий Мгебришвили кызматынан алынып, анын ордуна мурдагы экономика министри Георгий Гахария дайындалды.
Мындай чечими тууралуу өлкөнүн премьер-министри Георгий Квирикашвили 13-ноябрда атайын брифингде билдирди. Ал ошондой эле министрлер кабинетиндеги башка өзгөрүүлөр тууралуу да маалымдады.
Экономика министрлигинин башчылыгына мурдагы финансы министри Дмитрий Кумсишвили келип, анын ордуна "Грузия темир жолдору" ишканасынын экс-жетекчиси Мамука Бахтадзе дайындалды.
Квирикашвили ошондой эле Европа жана евроатлантикалык интеграция боюнча министрлигин жоюу чечимин кабыл алды. Бул мекеменин функциясын эми Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү департаменти аткарат.
Өзгөрүүлөр он сегиз министрликтин алтоондо болгондугуна байланыштуу эми Конституцияга ылайык, өкмөт башчы парламентке жаңы өкмөткө ишеним көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылат.
2016-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Квирикашвили башында турган “Грузин кыялы” партиясы жалпы добуштардын дээрлик жарымын (48,6%) алган.