Башкы прокуратура Ош шаардык сотунун мурунку судьясы Ж.Т. жана башка кылмышка тийиштүү жарандарга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 304- (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 328-(Соттук чечимдерди бурмалоо) жана 166- (Алдамчылык) беренелери боюнча иш козголду.
Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча, 2013-жылдын апрель айында К.Б. аттуу жаран шаардык мэриядан жеңил конструкция кылуу уруксаты менен үч жылга пайдаланууга алган жер тилкесин кеңейтип, кафе-ашкана салып алган. Кийинчерээк ал жаран жерди менчикке өткөрүп алуу үчүн сотко кайрылган. 2013-жылдын 4-ноябрында ошол кездеги Ош шаардык сотунун Ж.Т. аттуу судьясы кайрылган жарандын өтүнүчүн канааттандырган чечим чыгарган.
“Муну менен Ош шаардык сотунун мурунку судьясы мыйзамдан тыш аракет кылган” -деп жазылат маалыматта. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. (TSh)