Чокморов кыргыздын чыныгы уулу эле

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте СССРдин Эл артисти, чыгаан сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды. Бийиктиги 3,6 метр болгон эстеликтин пайдубалы мындан бир жыл мурда куюлган. Скульптор Алмаз Кожегулов эстеликти алты ай Орусиянын Свердловск районундагы "Уралмаш" заводунда жасаган. Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда төрөлгөн. Анын тасмада жараткан ролдору эл сүйүүсүнө арзыган. 1992-жылы 26-сентябрда узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.