Fox News Трампка импичмент жарыялоо тууралуу жарнамадан баш тартты

Америкалык Fox News телеканалы президент Трампка импичмент жарыялоого чакырган жарнаманы көрсөтүүдөн баш тартты

CBS телеканалы маалымдагандай, буга көрүүчүлөрдүн терс мамилеси себеп болгон. Жарнама Трамптын тарапкерлери арасында популярдуу болгон шоу учурунда үч жолу берилген.

Fox News демократтардын тарапкери, миллиардер Том Стайердин жарнамасын көрсөтүп жаткан. Анда Трампка ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча петицияга кол коюуга чакырык бар. Бул өнөктөштүк үчүн Том Стайер кеминде 10 млн доллар бөлгөн. Миллиардер Трампты "өлкөнү өзөктүк согуш чегине жеткирди, ФБРдин юристтерине тоскоолдук кылган жана өзүнө жакпаган маалымат каражаттарын жаап саларын айтып опузалаган" деп айыптоодо.

Том Стайердин жеке сайтында Трампка импичмент жарыялоо петициясы илинип турат. Октябрдын аягында ага миллиондон ашуун киши кол койгон. Президент Трамп болсо Твиттердеги баракчасында миллиардердин бул демилгесин сынга алып, Том Стайерди "башы иштебеген адам" катары сыпаттаган.

АКШнын Конституциясы боюнча жарандар президентке импичмент жарыялай алат. Бул үчүн демилге өкүлдөр палатасында көпчүлүк добуш чогултуп, андан кийин Сенат мүчөлөрүнүн үчтөн бир добушун алышы керек.

Июль айында Конгрессте президент Трампка импичмент жарыялоо сунуш кылынып, бирок ал колдоо тапкан эмес. Анын ордуна демократтар президенттик шайлоо алдында Трамптын командасы менен Кремлдин ортосунда сүйлөшүү болгонун аныктоо үчүн көз карандысыз комиссия түзүүнү сунушташкан.