Мөңгүнү ыйлаткан демилге

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламент үчүнчү окууда кароого жөнөткөн “Суу кодексине” киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коомчулуктун каршылыгына тушукту. Мыйзам долбооруна каршы болгондор кен казуучу компаниялардын мөңгү аймактарында иштешине уруксат берген жобону алып салууну өкмөт менен парламенттен талап кылышууда. Долбоордун демилгечилери "Суу кодексинде" мөңгүлөрдү коргоо, сактоо кепилдиктери бар деп ишендирип жатышат. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул маселе талкууланды. Берүүгө коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин жетекчи орун басары Рыскелди Асанходжаев катышты.