Бишкектин алты ооруканасынын башкы дарыгерлери иштен алынды

Иллюстрация

Саламаттык сактоо министринин буйругу менен Бишкектин №1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев, студенттер бейтапканасынын башкы дарыгери Чынара Балтабаева, шаардык эндокринологиялык диспансердин башкы дарыгери Светлана Мамутова, шаардык перинаталдык борбордун (4-төрөт үйү) башкы дарыгери Бурул Алмазбекова жана Балдар менен үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборунун бакшы врачынын милдетин аткаруучу Роза Көчөрбаеванын эмгек келишимдери токтоду.

Мунун себебин аталган министрлик кызматкерлердин пенсия курагына жетип калганы менен түшүндүрүп, аларга ыраазычылык билдирди.

Буга кошумча алардын ордуна конкурс жарыяланганы да маалым болду. (BCh)