"Ата Мекен": Өмүрбек Текебаев эртеби-кечпи акталат

Өмүрбек Текебаев.

Оппозициялык "Ата Мекен" партиясы өзүнүн камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандаттан ажыратылышы боюнча билдирүү таратты. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Соттун акыркы чечимин күтпөй эле Текебаевди шашылыш түрдө мандаттан ажыратып койду деп жазылган.

"Биз ""Ата Мекен" партиясынын саясий кеңеши БШКнын бул аракетине өтө нааразыбыз. Элге Кыргызстандын саясий айдыңында Текебаевдин маанилүү орун ээлей турганы маалым. Тарыхта да кандай орунга ээ болору белгилүү. Эл арасында дал ушул Текебаевди "Конституциянын атасы" гана эмес, акыйкаттык жана мыйзамдын үстөмдүүлүгү бийик турган команданын лидери деп аташат" деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Текебаев Конституцияга мыйзамсыз өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгып, президенттин жана анын айланасындагылардын туура эмес иштерин ачыктап, аткезчилик жүккө байланышкан сын айтып, адекваттуу эл аралык саясат жүргүзүүнү талап кылып чыккандан кийин бийлик ага ачык кысым көрсөтүп, саясий айдыңдан четтетип, камакка алды деп айтылат. Текебаев өлкөнүн эң таасирдүү саясатчысы бойдон кала берери кошумчаланган. Ал эртеби- кечпи акталат деген ишеним да белгиленген.

Борбордук шайлоо комиссиясы 1-ноябрда Текебаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу токтом кабыл алган.

Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкү мамлекетке чегерилсин деген чечим чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Октябрдын ортосунда Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (NT)