"Азаттыктын" Үркүнгө арналган китебинин бет ачары

Иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана медиа коомчулук катышып, маалымат жеткирүүдө "Азаттык" радиосунун Кыргызстандын коомундагы орду чоң экенин белгилешти. Радионун бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырышты.

"Азаттык" радиосунун директору Венера Жуматаева

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев жана вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова

АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер

"Азаттык" радиосунун башкы редактору Бурулкан Сарыгулова

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева

"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинин директору Айзада Касмалиева

Жазуучу Мар Байжиев жана Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев. 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев жана маданият министри Султан Жумагулов.

Быйыл “Азаттык” үналгысы “Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” китебин Үркүндүн 100 жылдыгына карата басып чыгарды. Бул публицистикалык жана илимий-жамааттык жыйнакка Үркүндүн тарыхына арналган ар кыл эскерүүлөр, макалалар, маектер киргизилди. Андан тышкары соңку архив таануу, булак таануу, фольклор таануу, тарыхнаама, этнография жана башка өңүттөрдө иликтөө жүргүзүлүп келген илимий-популярдуу макалалар да бар.

“Азаттык” үналгысынын жогорку сапаттагы телеберүүлөрдү даярдап, бир эле учурда ар кандай платформаларда түз эфирге чыгууга жана ар кайсы өлкөлөр ортосунда телекөпүрө уюштурууга мүмкүнчүлүк берген акыркы үлгүдөгү шаймандар жана заманбап технологиялар менен жабдылган студиясы быйыл ишке кирди.

Бүгүн “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги жаңы иш кеңсе - телестудиясынын жана 1916-жылкы Улуттук боштондук күрөшүнө арналган “Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” китебинин бет ачары болду.