Астана: Кыргызстандын бажы кызматынан маалымат күтүп жатабыз

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан Кыргызстандын бажы кызматынан өлкөгө киргизилген товарлар боюнча маалымат күтүп жатат. Бул тууралуу кошуна мамлекеттин Финансы министрлигинин мамлекеттик киреше комитетинин төрага орун басары Госман Амрин 2-ноябрда Астанадагы журналисттерге билдирди.

- Биз биргелешип иштесек гана маселени чечсе болорун айтып келатабыз. Бул кандайдыр бир жоромолдорго жол бербейт, ачык-айкындуулуктун деңгээлин көтөрөт, - деди Амрин.

Анын айтымында, өткөн аптада Казакстан эки тараптуу макулдашууга ылайык кайсы товарларды кандай баага сатып алып турушканы тууралуу маалымат берген. Бирок Кыргызстандан жооп боло электигин белгилеген Амрин, бул чаралар азырынча кол коюла элек жол картасына камтылганын кошумчалады.

Министрликтин өкүлү Кыргызстан менен чек арадагы проблемалардын пайда болушуна бажы, салык, фитосанитардык жана транспорт мыйзамдарын бузуу менен алынып келген товарлардын агымы өбөлгө түзгөнүн билдирди.

Ушул эле күнү Ташкентте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында кыргыз премьер-министри Сапар Исаков Кыргызстан өзүнө тиешелүү милдеттемелерди аткарып бүткөнүнө карабай КМШ өлкөлөрүнүн арасында эркин соода болбой жатканын, буга кыргыз-казак чек арасындагы абал далилдигин айткан.