Таластагы митинг аяктады

Таласта 29-октябрда өткөн митинг

Талас шаарындагы нааразылык акциясы жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын уюштуруучуларынын бири, жарандык активист Төрөкан Жунусбаев билдирди:

- Бакай-Ата, Кара-Буура, Талас райондорунан 2 000ге жакын адам чогулду. Эл “Атамбаев кечирим сурасын” деген талапка “чек арадагы абал жөнгө салынсын” деген маселени кошуп айтып жатышат. Уюштуруу комитети мына ушул талаптарды эми жалпы Кыргызстан боюнча элдик курултайда талкуулоо сунушун айтты. Датасын 9 же 13-ноябрь деп пландап жатабыз.

Жунусбаевдин айтымында, акцияны жарандык активисттер тобу уюштурду.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн милдетин убактылуу аткаруучу Чолпон Төрөкуловдун айтымында, 29-октябрдагы да, бүгүнкү да акциялар тынч өттү. Ал Президент Атамбаевдин кечирим сурашын талап кылуу маселеси боюнча комментарий бере албасын, бирок чек арадагы абалдын кесепеттерин алдын алуу аракети көрүлүп, негизги азыктарга болгон бааны туруктуу кармап туруу камсыз кылынганын айтты.

Президент Атамбаев 18-октябрда мыкты окуган студенттерге стипендия тапшырып жатып Таласта шайлоодон кийин өткөн митингди сынга алган. Акция катышуучулары “Манас” эпосунан үзүндү окуп берейин деген мурдагы облус башчы Дайыр Кенекеевди сүйлөтпөй койгонун айтып, муну Манасты сыйлабастык деп атаган.

Андан кийин Таласта 29-октябрда митинг өтүп, президенттин билдирүүсүнө нааразылык айтылган, катышуучулар Атамбаевдин кечирим суроосун талап кылышкан. Президенттик аппарат буга жооп кайтарып, мамлекет башчынын сөздөрүн туура кабыл алууга чакырган. Бүгүнкү акцияда да ушундай эле талап айтылды.

Президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов бүгүн "Азаттык" радиосуна комментарий берип, Таластагы митингдин артында парламенттеги "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери турат деп эсептерин айтты. Үсөнов "президент Алмазбек Атамбаев Манас жөнүндө туура айткан жана таластыктардын атын жамынган бир ууч топтон кечирим сурабайт" деп кошумчалады:

- Бабановдун жактоочуларынын митингине катышкандар Манас бабабыздын Каныкей апабызга өлүм алдында айткан керээзин укпай ката кетиришкендерин моюнга алышы керек. “Манасты” Абыке-Көбөштүн тукумдары гана уккусу келбейт. Президенттин митингчилердин ушул жоругун айыптаганы туура болгон. Бабановчулар сөз нугун башка жакка буруп, элди козутканды коюп, мындан туура жыйынтык чыгарышы керек.

Өмүрбек Бабанов бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Күч структураларынан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, бүгүнкү акцияга 450-600 адам катышты. Иш-чара тынч, эч кандай мыйзам бузууларсыз өттү. (AlS)