Казакстан бир тараптуу Кыргызстан менен чек арасын күчөткөндөн бери бир гана кыргыз-казак эмес, үчүнчү өлкөнүн бизнесмендерине да терс таасири тийип жатат. Коңшу Казакстандын бул иши бардык эл аралык нормага каршы келип, 20 күндөн бери чек арада абал өзгөрбөй жатат. Бул жөнүндө премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Ташкентте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында айтты.
Кыргыз премьеринин мындай сөзүнө Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев өз пикирин келтирип, кыргыз өкмөтүн өз милдеттемелерин так аткарууга чакырды. Ал кыргыз тарап азыркыга чейин мыйзамдарын салыктык жөнгө салууга туура келтирбей жатканын, чек арадан мыйзамсыз контрафакттык товарлар өтүп, өлкөдө ветеринардык нормалар калыбына келе электигин билдирди:
- Кыргызстан фитосанитардык шарттарын оңдой элек жана аткезчиликти тыйбай жатат. Биз чек арадагы текшерүүнү күчөтүү менен бир гана өзүбүздүн эмес, КМШ өлкөлөрүнүн да коопсуздугун сактап жатабыз. Ошол эле учурда биз конструктивдүү диалогго даярбыз.
Сагинтаевдин бул сөзүнөн соң Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кыргыз-казак чек арасындагы проблеманы чечүү мүмкүнчүлүгү табыларына ишенебиз деп кошумчалап, КМШ жыйыны ушул өңдүү маселелерди маңдай-тескей отуруп сүйлөшүүгө шарт түзгөнүн айтты.
Кыргызстандын өкмөт башчысы өз сөзүндө чек арадагы маселе 10-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун тийиштүү комитетинде караларын билдирди. (SDz)