Активисттер: Элди кыйнабай чек араны ачкыла
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бүгүн Бишкекте казак элчилигинин жанында кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу нааразылык акциясы өттү. Ага 40ка жакын адам катышты. Уюмдун жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин Еревандагы сөзүн “негизсиз актануу” деп атап, Казакстан ЕАЭБ макулдашууларын одоно бузуп жатат, эгерде казак тарап жарандардын эркин өтүүсүнө тоскоолдуктарын токтотпосо бул өлкөгө карата экономикалык санкция киргизүү талабы менен эл аралык уюмдарга кайрылышарын билдирди.