Кыргызстан "Таза Коом" боюнча Беларус менен кызматташууга кызыкдар

Кыргызстан "Таза Коом" программасын ишке ашырууда Беларус менен кызматташып, тажрыйба алууга кызыкдаар. Бул тууралуу 2-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Беларус өкмөт башчысы Андрей Кобяков менен Ташкентте жолугушкан учурда айтты.

Алардын жолугушуусу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны алкагында болду.

​«Беларус санарипт технологияларды ишке киргизүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Биз Кыргызстанда да масштабдуу санарипке өтүү боюнча “Таза Коом” программасын ишке киргизүүдөбүз, анда электрондук экономика жана коопсуздук концепциясы киргизилген» деген Исаков санарип экономиканы алдыга жылдыруу боюнча тажрыйба алмашуунун зарылдыгын белгиледи.

Андрей Кобяков эки тараптуу кызматташтыктын негизинде товар алмашуунун көлөмүн көбөйтүү жана инвестиция жаатында алга жылууга шарттар бар экенин кошумчалады.

Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2017-жылдын январь-июль айларында 22 млн АКШ долларын түзгөн.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза Коом" улуттук долбоорун быйыл апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган.