Казакстандын “Казминералс” компаниясы кыргыз өкмөтү Ала-Букадагы Бозумчак кенин белгисиз себептерден улам үч айга токтотконун бейшембиде билдирди. Бул тууралуу “Рейтерс” агенттиги жазды.
Лондондо катталган компания Бозумчактагы иштин токтотулушунун себебин Кыргызстандын өкмөтү түшүндүрбөгөнүн билдирген.
“Kазминералс" шахта бардык шарттарга жооп берерин жана ушул тапта тиешелүү тараптар менен кендеги ишти улантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.
Бул компания Казакстанда бир катар жез кендерин жана Жалал-Абаддагы Бозумчакты да иштетет. Жарыяланган маалыматтарга ылайык, Бозумчакта 7000 тоннадай жез, бир тоннадан ашыгыраак (38 миң унций) алтын өндүрүлгөн.
Бозумчактагы жагдай боюнча кыргыз өкмөтү комментарий бере элек.
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда жайгашкан Бозумчак жез кенин “Казминералс” компаниясы 2014-жылдан тарта иштете баштаган. (EzK)