Киев соту 1-ноябрда Украина ички иштер министринин уулу Александр Аваковдун баш коргоо чарасын карап, эркиндикте калтырды. Сот Аваковду суракка келип турууга, баскан-турган жерлери тууралуу маалымат берип, аны текшерүүчү электрондук браслет тагынууга милдеттендиргенин “Азаттыктын” украин кызматы кабарлады.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Александр Аваков ИИМ үчүн рюкзактарды өз баасынан ашыра сатып алган. Муну менен бюджетке 16 млн гривен же 600 миң доллардай чыгым келтиргенин белгилеп, айыптоочулар аны камакка алууну өтүнүшкөн болчу.
“Рюкзак иши” эки жыл мурда журналисттик иликтөөдөн кийин козголгон. Бул боюнча ИИМ министринин мурдагы орун басары Сергей Чеботарь да суракка алынууда.
Министр Арсен Аваков бюджет каражаттарына уулунун тиешеси болбогонун айтууда. Ал кылмыш ишти саясий негизде деп сыпаттады.