Навальный Путинди сотко берерин билдирди

Алексей Навальный

Орусиялык оппозициячы, Антикоррупциялык фонддун негиздөөчүсү Алексей Навальный президент Владимир Путин менен анын администрациясын сотко берерин билдирди.

Навальный жергиликтүү бийлик Кремлдин көрсөтмөсү менен анын шайлоочуларына жолугушуусуна тыюу салууда дейт.

"Орусиядагы 40-50 ири шаарлардын администрациялары жума сайын мыйзамды түздөн-түз жана одоно бузуп жатышат" деп жазды Навальный өз блогуна.

Алексей Навальный кийинки жылдын мартында өтө турган президенттик шайлоого катышарын билдирген. Орусиянын 80 шаарында штабы ачылып, учурда ал аймактарда үгүт иши менен жүрөт.

Бирок буга чейин Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Навальный мурда эки ирет шарттуу соттолгонуна байланыштуу 2028-жылга чейин шайлоого катыша албасын билдирген.