Колдон колго өткөн Жерүй

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

25 жылдан бери Жерүйдүн багы ачылбай келет. 1992-жылдан тартып ондон ашык инвестор алмашты. Чет элдик компаниялардын кыргыз өкмөтү менен түзгөн келишимдери ар кандай себептер менен ишке ашпай келет. Биринде инвестор банкрот болуп сызга отурса, дагы биринде Кыргызстан миллиондогон доллар доого жыгылган. Жерүй алтын кенин талашып жатышкан учурлар да болгон.