Кышкы олимпиаданын оту Түштүк Кореяга келди

Олимпиада оту

Кышкы олимпиада оюндарына жүз күн калды. Грециянын борбору Афиныдан чыккан Олимп оту оюндар өтө турган Түштүк Кореяга 1-ноябрда алынып келинди.

Олимпиада тоолуу Пхёнчхан шаарында 9-февралда башталып, 25-февралга чейин уланат. Бул калаа бекем кайтарылган Түндүк Корея менен чек арадан 80 чакырым гана алыстыкта.

Түштүк Корея 1988-жылы Жайкы оюндарды, 2002-жылы Жапония менен бирге Дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөргөн. Эки дүйнөлүк окуя тең Түндүк Кореянын агрессивдүү аракеттери менен коштолгон. Буга карабастан расмий Сеул алдыдагы Кышкы олимпиада тынч өтөт деп ишендирүүдө.