Песков: АКШдагы соңку камакка алууларда Орусиянын аты аталган жок

Дмитрий Песков.

Орусия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ президенти Доналд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы жетекчиси Пол Манафортко тагылган айыптарды комментарийледи. Анын айтымында, ал айыптарда Орусия аталган жок. Соңку камакка алуулар Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтөө алкагында жүргүзүлгөн.

Песков Москва шайлоого таасир этүүгө аракеттенген деген айыптоолорду дагы бир жолу четке какты жана иликтөөнү АКШнын ички иши деп атады.

Кремлдин өкүлү ал жерде башка мамлекеттердин аты аталганын да айтып, Украинаны кыйытты.

30-октябрда Трамптын мурдагы штаб башчысы Пол Манафорт жана анын кызматташы Рик Гейтске бир нече айып тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча 2006-2015-жылдар аралыгында Манафорт Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин “Региондор партиясынан” акча алып турган. Салык төлөбөш үчүн офшордогу компаниялар аркылуу 75 миллион доллар которгон. Экөө тең күнөөсүн моюнга алган жок жана үй камагына алынды.