Бейшеналиев: Азыр дипломду эч ким сурабайт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Алмаз Бейшеналиев дүйнөдөгү эң алдыңкы 20 окуу жайга кирген АКШдагы Жонс Хопкинс университетинде окутуучу болуп эмгектенген жалгыз кыргыз. Өлкөдөгү эң жаш профессор. Ал ондогон илимий макалалардын, эки китептин, көптөгөн методикалык колдонмолордун автору. Бейшеналиев учурда Борбордук Азия регионалдык институтун негиздеп, аны илимий-аналитикалык борборого айландыруу аракетинде. Илимпоз Кыргызстандын билим берүү тармагын реформалоо боюнча ойлорун “Азаттыкка” бөлүштү.