Улуттук илимдер академиясына жаңы жетекчи шайланат

Жетекчини Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулар кеңеши 31-октябрда шайлайт. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анда академиянын президентинин милдетин аткарып жаткан Мурат Жуматаев өзүнүн программасы менен тааныштырат.

Академиянын буга чейинки президенти Абдыганы Эркебаев быйыл апрелде кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүү боюнча арыз жазган. Андан бери Жуматаев жетектеп келет.

Илимдер академиясынын быйыл 31-марттагы жылдык жалпы жыйыны курч талкуу жана кайым айтышуу менен коштолгон. Анда ошол кездеги жетекчи Абдыганы Эркебаев мекеме реформанын алкагында жоюлуп кетүү алдында турганын, жамаат экиге бөлүнүп, ушак жана маалыматты сыртка ташуу өңдүү көрүнүштөр күчөгөнүн билдирген.

Коомчулукта Илимдер академиясынын дарегине сын айтылып, окумуштуулардын ачылыштары дээрлик жок экени белгиленип келет.(ZKo)