Норвегия өкмөтү Орусияга көңүл айтты

МИ-8 тик учагы Баренцбургда. Норвегия, 2015-жыл

Норвегиянын премьер-министри Эрна Сульберг жекшемби күнү кечинде Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, орусиялык тик учакта набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ал Норвегия өкмөтү кыйраган учакты издеп-куткарууда болгон күчүн жумшаарын белгиледи. Сульбергдин сөзү боюнча кырсыкка кабылган адамдарды аман куткарууга үмүт жок. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

"Конверс Авиа" компаниясына таандык Ми-8 үлгүсүндөгү орус тик учагы Арктикадагы Свальбард архипелагындагы деңизге 26-октябрда кулаган. Анын ичиндеги сегиз адамдын бешөө тик учак экипажы, үч адам Арктика жана Антарктиканы изилдөө институтунун окумуштуулары болгон.

Тик учактын калдыктары Шпицберген аралынын жанында суу түбүнөн табылган.