Жакиев атындагы үй көп улутка кызмат кылат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сокулук районундагы көп улуттуу Төмөнкү Чүй айылынын маданият үйүнө драматург Бексултан Жакиевдин ысымы ыйгарылды. Маданият үйүн кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов жеке аракети менен жасалгалап, Эл баатырынын атын ыйгарууну сунуштаган. Айылдын эли сунушту колдоп, ага арналган салтанатта ар улуттун өкүлдөрү өз өнөрлөрүн тартуулады.