Рим папасы Франциск Эл аралык космос станциясында жүргөн экипаж менен телефондон сүйлөштү. 20 мүнөттүк сүйлөшүүдө понтифик астронавттар менен адам баласынын ааламдагы орду жөнүндө баарлашты.
Экипаждын атынан астронавт, инженер Паоло Несполи итальянча сүйлөшүп, калгандарга которуп берип жатты. Экипажда андан тышкары орусиялык эки космонавт жана америкалык үч астронавт бар. Франциск алардын “Күндү жана башка жылдыздарды алдыга жылдырган сүйүүнүн” ролу жөнүндөгү оюн сурады.
Буга чейин папа Бенедикт 2011-жылы космоско телефон чалган.