БУУ Сириянын Хан-Шейхун шаарындагы химиялык чабуулдун артында Башар Асаддын күчтөрү турат деп билдирди.
Улуттар Уюмунун баяндамасында Сирия өкмөтү 2017-жылдын 4-апрелинде Идлиб аймагында химиялык курал колдонууга жооптуу экени айтылган. Маалыматтарга караганда, кол салууда зарин заты колдонулган. Ал кезде химиялык чабуулдан 80ден ашуун адамдын өмүрү кыйылган.
- Бүгүнкү отчет биз мурда эле чындык деп эсептегенди ырастады, - деди АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли.
Сирия президенти Башар Асад жана аны колдогон орус лидери Владимир Путин Хан-Шейхун боюнча айыптарды четке кагып, муну атайын уюштурулган иш деп атап келишет.
Мурда Асад Сирия атайын келишимге ылайык өзүнүн химиялык куралдарынын корун жок кылганын маалымдаган. Бирок быйыл АКШ коргоо министри Дамаск бардык корду жок кылган эмес деп билдирген.