Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү

Шаардык кеңеште төрт фракциядан куралган “Ийгилик” аталышындагы жаңы коалиция куралды. Бул тууралуу шаардык кеңештин аппаратынан “Азаттык” радиосуна билдиришти. КСДП, “Ата-Журт”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” фракцияларынан куралган көпчүлүктүн депутаттары журналисттерге маалымат жыйынын курушуп, “Өнүгүү-Прогресс” менен “Кыргызстан” фракциялары азчылыкта калганын билдиришти.

Буга чейин “Ата-Журт” менен “Өнүгүү Прогресс” фракциялары азчылыкты түзүп, сессияларга катышпай келе жаткан. Анын айынан шаардын быйылкы бюджети да бекитилбей турат. Жаңы коалиция алдыдагы күндөрү сессияга чогулуп, шаар бюджетин кабыл алышат.

Айрым маалыматтарга караганда, Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги кырдаалдын өзгөрүшүнө "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин президенттик шайлоодо КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоп чыгышы таасир этиши мүмкүн.

Шаардык кеңеште 6 фракцияда 31 депутат бар. (RsK)