Сания Тойкен журналистикадагы эрдиги үчүн сыйлык алды

Сания Тойкен (солдо) сыйлык тапшыруу учурунда

“Азаттык” радиосунун казак кызматынын журналисти Сания Тойкен Маалымат каражаттарындагы аялдардын эл аралык фондунун абройлуу сыйлыгына татыды.

Тойкен “Журналистикадагы эрдик үчүн” наамын алган Казакстандагы алгачкы журналист болуп калды. Ал жыйырма жылдан бери Казакстандын батышындагы саясий жана социалдык маселелерди чагылдырып келет.

Бир нече жолу ал ишине байланыштуу коркутуп-опузалоого кабылган. 2016-жылы Казакстанда жер маселесине байланыштуу тутанган митингдерди байма-бай чагылдырганы үчүн Сания Тойкенди 2-3 ирет полиция кармап кеткен. Эл аралык фонд белгилегендей, куугунтуктоого анын туугандары жана достору да кабылган.

Маалымат каражаттарындагы аялдардын эл аралык фонду 1990-жылы негизделген. Максаты бардык мамлекеттердеги прессада иштеген аялдардын ролун бекемдөө. Фонд өз сыйлыктарын кооптуу шарттарда окуяларды чагылдырууда өзгөчө эрдик көрсөтө алган журналист аялдарга ыйгарып келет. Бул сыйлыкка мурда Кристиан Аманпур, Анна Политковская, Хадижа Исмаиловалар татыган.