Кыргызстанда 27-октябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18,
Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 11...16,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16 градус жылуу болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 1...3, күндүз 16...18 градус жылуу.