Кыргызстанда 6-7-ноябрь эс алуу күндөрү деп жарыяланды

Октябрь революциясы күнүнө карата кыргыз өкмөтү 6-7-ноябрда эс алуу күндөрү деп жарыялады. Расмий кабарга ылайык, 6-ноябрь дүйшөмбүгө туш келгендиктен, ал күнкү жумуш 28-октябрь - ишембиге которулат.

Мындай чечим дем алыш жана жумуш эмес күндөрдү ырааттуу пайдалануу максатында кабыл алынганы белгиленет маалыматта.

7-ноябрда жыл сайын Октябрь революциясынын күнү белгиленет.