Мамлекеттик салык кызматы Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинен тийиштүү документтери жок күйүүчү май алып бараткан эки автоунааны кармады.
27-октябрда таратылган расмий маалыматка ылайык, Салык кызматынын аталган бекеттеги Сервистик борборунун адистери унааларда тийиштүү документтери жана салык пломбалары жок 60 тонна 837 литр күйүүчү май бар экенин аныкташкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө машинелер «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн Ин» ишканасына таандык экени аныкталган. Алар кайра май куйган жерге жөнөтүлгөн жана бул боюнча тиешелүү чара көрүү маселеси каралууда.