Болгариялык пилоттор орусиялык МиГ-29 менен учуудан баш тартты

Болгариялык бир нече аскерий пилот совет доорунда жасалган МиГ-29 учактары менен машыгууга катышуудан баш тартты. “Граф Игнатьево аба базасындагы айрым пилоттор коопсуздук себептерден улам машыгуу учууларын аткарбайт”, - деп билдирди Болгариянын коргоо министринин орун басары Атанас Заприанов шейшембиде.

Учкучтар МиГ-29 эскирип кеткенин, учуу сааттары жетишсиз болгонун айтышууда. Бирок Заприанов учактар пайдаланууга жарактуу деп ырастоодо.

Болгария 2004-жылы НАТОго кошулганы менен аскердик жабдууларынын көбү Орусияда жасалган. Жаңы согуш учактарын сатып алууга тендер жарыяланган. Бирок кайсы өлкөдөн алуу керек деген маселе талашка түшүп келет.