26-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз жаан-чачын болот. Күндүз республиканын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө, Ысык-Көлдө жана Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 10...15;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз -1...+4;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2 …4°, күндүзгү жогорку температурасы 13…15°.