Экс-депутат Райкан Төлөгөновдун соту уланат

Райкан Төлөгөнов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынан экс-депутат Райкан Төлөгөновдун ишин кароону улантат. Мурдагы жараяндарда териштирүү бүгүнкүгө белгиленген. Буга чейин сотто күбөлөр суралып жаткан.

65 жаштагы Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоногон деген айып менен быйыл 28-мартта УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийинчерээк ден соолугу начарлап, №1 тергөө абагына которулган. Ал жердин дарыгерлери да жардам бере албай, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аны №47 жатак абакка которуу чечимин чыгарган.

Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган.

Анын уулу Муса Төлөгөнов да ушундай эле айып менен №47 жатак абагында отурат. Буга мародёрчулук боюнча соттолуп, абакта отурган Абдулла Юсупов аттуу жарандын көрсөтмөсү себеп болгон.

Төлөгөновдор коюлган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин "саясий куугунтук" деп атап келишет. (NT)