Алишер Саиповдун үй музейи ачылды
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Маркум журналист Алишер Саиповдун апасы Зайнабхан Саипова, иниси Шахрух Саипов жана кызы Зулайка үй музейдин ачылышында.
Саиповдун буюмдары, кийим-кечеси жана сүрөттөрү өзү өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгаштырылып, музейге айланды.
26 жаштагы журналистти 2007-жылдын 24-октябрында белгисиз кишилер Оштун Масалиев көчөсүндө атып кеткен. Ал ошол жерде каза тапкан. Кылмыштын бети азыркыга чейин ачыла элек. Курч макалалары менен таанылган Алишер Саипов ал кезде 26 гана жашта эле.
Алишер Саипов Voice of Ameriсa, RFERL-Ozodlik, BBC, Mashhad радиолору, "Фергана.Ру" маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган.
Алишерди атып кетишкенде кызы Зулайка эки айлык эле. Азыр 10 жашта.
Алишердин иниси Шахрух Саипов.
Алишер Саипов тууралуу китеп.
Алишерди атып кетишкенде үстүндө ушул кийимдер болгон. Бул үрөй учурган кылмыштын бети ачыла элек.
25 жашында "Сиёсат" ("Саясат") гезитин негиздеп, ал жума сайын чыгып турган. Гезит Кыргызстанга жана Өзбекстанга тараган.
Саиповдун өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени айтылып келет. Буюртма өлтүрүүнүн изи коңшу Өзбекстанга барып такаларын кыргыз тартип коргоо органдары четке каккан эмес. Расмий маалыматка ылайык, учурда Алишер Саиповдун ишин Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын Аймактар аралык башкармалыгы иликтеп жатат.
Маркум журналист Алишер Саиповдун апасы Зайнабхан Саипова, иниси Шахрух Саипов жана кызы Зулайка үй музейдин ачылышында.
Үй музейдин ачылышына келген журналисттер.
Үй музейдин ачылышы.