Кыргызстандын тарыхынын үч томдугу жарык көрдү

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту «Кыргызстандын тарыхы» китебинин үч томдугун басып чыгарды.

I томдо байыркы мезгилден – XVII к. чейинки Кыргызстандагы алгачкы коомдук түзүлүштүн, эрте көчмөндөр менен алгачкы мамлекеттердин, орто кылымдардагы Кыргыз каганатынын жана Кыргызстандагы мамлекеттик түзүлүштөрдүн саясий, чарбалык-экономикалык жана маданий тарыхына байланышкан маалыматтар камтылган.

Ал эми II томдо кыргыз элинин XVII-XIX кылымдардагы тарыхы чагылдырылган. Социалдык-экономикалык, саясий, эл-аралык мамилелерге байланыштуу негизги маселелер изилдөөгө алынган.

Кыргызстандын XX к. – XXI к. башындагы саясий, социалдык-экономикалык, маданий, руханий абалы III томго кирди.

Китептер 500 даана нускада басылып чыкты.

Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев аталган эмгектер тууралуу «3 томдук негизинен 2013-2016-жылдары иш жүзүнө ашырылган. Биринчи жолу кыргыз тилинде жарык көрүп жатат. Андагы тарыхый материалдарга жана окуяларга объективдүү баа берилген. Эмгектин кыргыз тарыхындагы мааниси абдан чоң» деп билдирди.