Дайыр Кенекеев реалдуу сектор, инфраструктуралык жана аймактык өнүгүү тармагы боюнча вице-премьер-министрлик кызматка сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева билдирди.
Кенекеев азыр Дүйшөнбек Зилалиев ээлеп турган кызматка, ал эми Зилалиев коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрликке өткөнү жатат.
Буга чейин Кенекеевдин талапкерлиги жакында жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун ордуна сунушталып жатканы тууралуу маалымат тараган болчу.
Бүгүн Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.(RK)