Атамбаев: Кыргыз-орус фонду турак жай курууга да көңүл буруусу зарыл

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду турак жай курулуш тармагын каржылоого активдүү катышуусу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн фонддун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевди кабыл алганда айтты.

Мамлекет башчынын пикиринде, бул иш колго алынса өлкөнүн экономикасына жакшы таасирин тийгизет.

Атамбаев ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны сыртка алып чыгуу, ишкерлерди колдоо, аларды бизнестин жана башкаруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, камсыз кылуу жаатында да ишти улантуунун актуалдуулугун белгиледи.

Орусия каржылаган фонд 2014-жылы түзүлгөн. Асрандиевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата 17,3 миллиард сомдон ашуун суммадагы насыя берилди. Көпчүлүк бөлүгү агроөнөр жай жана өндүрүш тармагына бөлүнгөн. Жактырылган 780 долбоордун үчтөн бири аймактарда. (RK)