Акмөөр: Күйөөм кыздан уулду артык көрдү...

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

31 жаштагы Акмөөр Юсупова беш баласын жалгыз тарбиялап келет. Төрт кызды удаа төрөгөндөн кийин боюндагы бешинчисин да УЗИ аппараты кыз деп көрсөткөн. Эркек балалуу болгусу келген күйөөсү ошондон кийин үй-бүлөсүн таштап кетип калган экен. Бирок тагдырдын тамашасыбы же догдурдун жаңылыштыгыбы, Акмөөр бешинчисин уул төрөйт.